КАРА 003
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Абдан каардуу, кишиге тайманбай кол салма, коркунучтуу (жырткычтарга карата). Кара ооз аюуга катылса, чайнап салат («Ала-Тоо»). 2. Тили суук, албуут, ажаан. Кандай кара ооз неме эле, жаагын басып койсоңорчу. Ак кемпир жалакор, кара ооз катындын сөзүн кулагына илген жок (Укаев).